Кечээ, 28-октябрь күнү Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 140-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Лада жана Хонда-Степ үлгүсүндөгү 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 2 унаанын айдоочулары (эркек кишилер) жеңил жаракат алышкан.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Абалдары канааттандыраарлык.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ