13-ноябрда “Эхо Москвы” радиосу билдиргендей, бүгүн Францияныни борбору Парижде атактуу кинорежиссер Роман Поланскинин “Офицер жана тыңчы” деген жаңы тасмасы көрсөтүлүп жатканда, кинотеатрга кырктай киши жулунуп кирип, көрсөтүүнү токтотууга мажбур кылышкан. Ошентип алар режиссерго болгон жек көрүүсүн көрсөтүшкөн. Көрсө, тээ 1975-жылы Роман Полански фотосүрөтчү жана актриса Валентин Монье деген айымды зордуктап койгон имиш. Режиссер муну четке каккан, жубайы Эммануэль Сенье күйөөсүнө атайын көө жабуу үчүн көралбастар кылып жатканын айткан. Полански өзү Франция менен Польшанын жараны.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ