Menu

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Кашкар Жунушалиев өтө супсак маалымат берди. Ал журналисттер берген эле маалыматты айтты»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште “КРнын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун кароого премьер-министр М.Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен келип, баяндама жасашты. Баяндама бүтүп, учурда суроо-жооп болууда.

Суроону депутат Дастан Бекешов баштады. Ал алгач ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин отчетуна ичи чыкпаганын баса белгиледи. “Кашкар Жунушалиев супсак маалымат берди. Ал журналисттер жазган нерсени эле айтты. Кечээ Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан алынып, анын жол эрежеси бузуп, айып пул төлөгөнү боюнча да айтылды. Ошол айып пулду ал өз чөнтөгұнөн төлөгөнбү же аны мамлекетпи?”,-деген суроого, кайра эле буга чейин айтылып, жазылган нерселерди айтышты:  “Сопоковго жол эрежесин бузгандыгы үчүн сөгүш алып, айдоочусу жумуштан бошотулган, ошондой эле Сопоков салык кызматына өз учурунда документ өткөргөн эмес”,-деген жооп болду.  Д.Бекешов кайра суроону кайталады эле, “ал төлөгөн жок»,-деп гана тим болушту. Кыскасы, депутат так жооп ала алган жок.

Буга чейин баяндама жасаган Кашкар Жунушалиев да Айэркен Саймаити 2017-жылы Кыргызстандагы өнөктөшүн 3 миллион 268 миң сомго алдап кеткенин, бул боюнча ага Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун, Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланганын айткан. Дастан Бекешов айткандай. ал буга чейин айтылып, жазылган. Жаңы жагдайлар айтылган жок.

Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун да аты аталган. Бирок ал журналисттердин суроосунан качып, жооп берүүдөн баш тартып келген. Ал кечээ ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышынын себебин  Тышкы иштер министрлиги кечээ айтып, расмий маалымат тараткан.

Аны менен катар кечээ, 12-ноябрда Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин айтылган. Бул окуя боюнча Түркия ММКлары өз мамлекетинин айткандарын жазып чыгышууда.

Биздин Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 13-ноябрда “Саймаитини өлтүрдү» деген шек менен кармалгандардын үчөөнүн экөө Кыргызстандык” деген маалымат туура келбесин, алар оозеки гана айтканын, алардын жанында документ жок экенин билдирди.

Бүгүнкү сессияда бул маселени айрым депутаттар көтөрүп чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: