Элди алдап, качып кеткен, издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Нарын облусунун тургуну 1984-жылы туулган Б.К. аттуу бала кармалды. Ал алдамчылык боюнча шектелип, Октябрь РИИБдин тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөн. Тагырагы, 2017-жылы жазында чала тааныш адамдын ишенимине алдоо жолу менен кирип, «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү машинасын ээлеп алган. Алгач 90 күнгө ижарага алып, анан сатып жиберип, качып кеткен. Жабырлануучуга 280 миң сом өлчөмүндө чыгым келтирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ