Menu

Жалал-Абадда адам уурдап, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарыда адам уурдап, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 11-февраль күнү болжол менен саат 17:00 чамаларда Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан “Салтанат” ресторанынын жанында 1991-ж.т. Т.Ф. аттуу Сузак районунун тургунун белгисиз азиат улутундагы атуулдар “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаага күч колдонуп салышып, белгисиз тарапка уурдап кетишкен. Кылмышкерлер жабырлануучуну Бишкек шаарына алып барышып, жакын туугандарынан 20 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне “Киши уурдоо” болуп катталып, КРнын Жазык кодексинин 170-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2 шектүү колго түшүрүлүп, жабырлануучу туугандарына өткөрүлүп берилген. Бирок кылмыштуу топтун дагы 2 мүчөсү ушул фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын үстүнөн издөө жарыяланган. 2019-жылдын ноябрь айынын башында, Жалал-Абад ШИИБнин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Чүй областынын Аламүдүн районунун тургуну 1993-ж.т. М.Ш. Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы убакта анын башка да жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: