Түркмөнстанда пахта терүүдө план аткарган ижарачылар менен комбайнчыларга 43 дюймдуу сыналгы сатып алып, Түшүм майрамына алып келишсе, ал белектер президенттин атынан берилерин айтышкан. Бул тууралуу “Хроники Туркменстана” басылмасы жазып чыкты.
Ал эми кимде акчасы болбосо, эски телевизорлорун алып келип, сыртын кооздоп таңып коюуну буйрук кылышкан. Ал эми бүджеттегилер майрам алдында бир жума бою жашылча-жемиштерди жууп, кутуларга кооз кылып салып, телеканладан жакшы көрүнүшү үчүн даярданышкан. Механизаторлор болсо тракторлор менен жүк ташыган автоунаалардын тырыктарын жымсалдап, жалтыра жуушкан.
Түрмөнстанда мамлекеттик майрамдык салтанаттар теледен көрсөтүү үчүн алдын ала тартылат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ