Башкы прокуратура ички иштер органдарынын кээ бир кызматкерлери кылмыш иштерин жоготуп алышканын аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди.
Айыпталуучулар изделип, ошондон улам убактылуу токтотулуп турган кылмыш иштерин салыштыруу убагында ушундай фактылар чыкты. “Бишкек ШИИБсинде издөө салынган иштер менен бирге 20 кылмыш иши жоголуп кеткен. Булар Бирдиктүү кылмыш реестрине “Шалаакылык” беренеси менен катталды. Бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш Бишкек шаары боюнча УКМКнын башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ