Menu

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актылары күчүн жоготту деп таанылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: