Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазды. Бул туурасында ал өзү 13-ноябрда маалымат каражаттарына билдирди.
Ал каналды коомдук кыла албай койгонун, буга мыйзамдык карама-каршылыктар да тоскоол болгонун мындайча билдирди:
«Мен кечээ арыз жазып бердим. Чынында эле менин колумдан көп нерсе келбей койду, коомдук телеканал кыла албай койдум. Мыйзамдын өзүндө мамлекеттик жана коомдук деп карама-каршылыктар бар экен. Мен чайналып кеттим. Башка себеп жок. Балким, менден кыйын жаштар келип иштесе оңдойт деп ойлойм»,- деди Жекшеев.
Айтор, Жекшеев кеткендигинин себебин жана колунан эч нерсе келбей койгондугун ачык эле айтыптыр. Анын мындай билдирүүсүнөн Ак үй тарап менен пикири келишпей койгондугун баамдаса болот. Балким, өткөндө мурдагы президент Атамбаевди моралдык жактан колдоп, Кой-Ташка барып, жөн эле барбай, айрым эски бийликтин ырын ырдап, барабанын дүңкүлдөтүп, жугундусун ичкен маалымат каражаттары аркылуу жаңы бийликти сындагандыгы, Ак үйдүн короосуна таш ыргыткандыгы үчүн чындап эле кодулана баштагандыр…
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ