Menu

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 2019-жылдын 15-ноябрында Ташкент шаарында болуп өткөн  Борбордук Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусун өткөрүүнүн даярдоо маселелерин талкуулашты жана регионалдык кызматташуунун Күн тартиби, актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы ар тараптуу соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, региондо коопсуздукту камсыз кылууга жана учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди мындан ары консолидациялоого багытталган кызматташууну активизациялоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. 

Ошондой эле кыргыз тарап экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи, жана бул контекстте, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагында жайгашкан уран калдык сактагычтарга жана мөңгүлөрдүн эрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө региондун бардык өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин натыйжалуу координациялоо зарылчылыгын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: