Menu

Куляб шаарынын мурдагы мэри 12 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Куляб шаарында сот 20-ноябрда мурдагы мэр Бахром Иноятзоданы 12 жылга эркинен ажыратты. Ал кызмат абалын кыянат пайдалануу жана башка кылмыштар боюнча айыптуу деп табылды.

Бахром Иноятзода акыркы сөзүндө: “Оо, адам мамлекеттик кызматын аткарып, мамлекеттик объектилерди салып, Кулябды өнүктүрүп жана курганы үчүн 12 жылга соттолобу? Макул, мен өзүмө үй салып алсам, бир жөн. Акча кымырып алсам, бир жөн. Тажикстанда адилеттүү сот жок, жок”, – деди.

Сот Иноятзодага тагылган айыптар тастыкталганын айтты.

Кулябдын мурдагы мэринин жакындары жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыла турганын билдиришти.

Быйыл июнь айында кармалган Бахром Иноятзода Тажикстандын Кылмыш кодексинин алты беренеси боюнча, анын ичинде кызмат абалын кыянат пайдалануу, пара алуу, бөтөн мүлккө ээлик кылуу жана жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө айыпталган.

Ал кармалардан мурун тажик президентинин кудасынын уулуна таандык делген “Комил-2010” фирасынын ээлерин сынга алганы белгилүү.

Сот мурдагы мэрдин айдоочусу Бахром Иноятзоданы 8, мурдагы кеңешчиси Фируз Курбоновду 7, Куляб шаарынын кампа башкаруучусу Хуршед Ашурмадовду 7 жылга эркинен ажыратты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: