Эки күн Бишкектин айрым аймактарында электр жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 16-17-ноябрда, оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги айрым аймактарда он саат электр жарыгы болбойт.
16-ноябрда:
09.00-18.00 — Ынтымак конушундагы Курултай, Адыгине, Жетиген, Кырман көчөлөрү;
09.00-18.00 — Чүй проспектиси, Киев, Щербаков көчөлөрү менен чектешкен аймак;
09.00-18.00 — Саламалик конушундагы Күнгөй, Көк-Сай көчөлөрү;
17-ноябрда:
09.00-18.00 — Түштүк-2 аймагы;
09.00-18.00 — Кулиев көчөсүнүн бир бөлүгү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ