Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.
Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташуусунун абалын жана келечегин талкуулашты.
Кыргыз-өзбек достук, жакшы коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелеринин оң динамикасы өзгөчө белгиленди.
Буга чейин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевден Президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине туулган күнү менен куттуктоо телеграммасы келип түшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ