Menu

Атамбаевдин жансакчысынын иши боюнча эмнелер болууда?

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жаксакчысы, УКМК 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаевдин иши боюнча 16 экспертиза дайындалды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу бүгүн, 18-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, Канат Сагымбаевдин иши боюнча тергөөнү дагы эки айга узартышы мүмкүн. Ал тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бербей жатат. Ошондой эле баллистикалык экспертиза  жүргүзүлүүдө. Эксперттер Үсөнбек Ниязбековго кайсыл куралдан ок атылганын аныкташа элек.

Эске сала кетсек, 24-сентябрда, кечке маал Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Адам өлтүрүүгө катышуу” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренелери боюнча айыптап, суракка чакырып, 48 саатка камакка алган. 26-сентябрда, анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, анда адвокат аны үй камагына чыгаруу боюнча суранган. Анын өтүнүчү четке кагылып, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармоо чечими чыккан.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев тергөөдө Алга Кылыч Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, укук коргоо органдары менен кызматташып жатканын октябрдын башында айтып чыккан. Анын айтымында, Алга Кылыч Атамбаев бийликти басып алууну каалаганын, Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгарчиев, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаевдер башаламандык уюштурганын жана “Альфанын” кызматкерлерин туткунга алышканын айтып, аларга каршы көрсөтмө берген. Ушундан улам Канат Сагымбаев аны менен беттештирүүдөн баш тартып койсо керек…

 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: