Menu

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Талас-Тараз  автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу” долбоору боюнча КР Өкмөтү менен Япон Өкмөтүнүн жана КР Өкмөтү менен Эл аралык кызматташтыктын Япон агенттигинин  (JICA) ортосунда “Талас-Тараз  автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, Япон Өкмөтү Кыргызстанга 1 млрд 785 млн япон иени өлчөмүндө грант берүү чечимин кабыл алды.

“Талас-Тараз  автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу” долбоору Казакстан менен автотранспорттук байланышты камсыздаган “Талас-Тараз” автожолунун 82 км иштеп турган көпүрөнүн ордуна, Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрө курууну караштырат. Ошону менен бирге, долбоордо кыймылдын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо максатында көпүрөгө келген жолдорду да жакшыртуу белгиленген.

Депутат Руслан Казакбаев Талас-Тараз-Суусамыр жолуна алынган насыяга аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 1 млн доллар каражаттын уурдалганы аныкталганын эске салып, ал иштин азыркы абалына кызыкты.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы боюнча маалымат бериле турганын айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: