Ишенимдүү булактар айткандай, Дамирбек Асылбек уулу 19-ноябрь түнү Бишкекке алынып келинди. Эскерте кетсек, экс-депутат жана аны менен бирге 11 киши 2018-жылы Казакстандын түштүгүнөн атайын операция учурунда кармалган.
Трансулуттук уюшкан топ түзүп, кылмыш кылышкан, “Экономикалык контрабанда” менен алектенишкен деген айыптар коюлуп, үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Д.Асылбек уулу Алматы шаарынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2016-жылдын ноябрынан бери Жогорку Кеңештин депутаты (“Кыргызстан” фракциясы) болчу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ