Menu

Акылбек Жапаров депутат Кенжебек Бокоев анын атын атап, комментарий бергенин жактырбады

Бөлүшүү:

“Шайлоо алдында бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунуштары өтө маанилүү”, – деди депутат К.Бокоев (“Республика-Ата Журт”) 20-ноябрда ЖКнын жыйынында.

Ал азыр ММКларда жогорку билими барлар гана айылдык кеңештин депутаты боло ала тургандыгы катуу талкуу болуп жатканын айтты. “Бул БШКдан чыкканбы же кайсыл бир мыйзам долбоорун байкабай калдыкпы? Кесиптешибиз Акылбек Жапаров ушул маалыматка шилтеме кылып жатат. Акылбек Үсөнбекович өкмөт ушинтип чечкен деп жатат. Бул мыйзам долбоору өкмөттүкүбү же депутаттыкыбы?, – деп Бокоев суроо узатты.

Спикер Дастан Жумабеков Бокоев микрофонду процедуралык маселе боюнча сураганын белгиледи: “Депутаттар дагы суроо бергиси келет. Бардыгы өз тартиби менен болсун. Азыр бардык суроолор берилет. Сабырдуу болуңуздар”, – деди.

“Менин суранычым – аты-жөнүм аталбасын жана мага комментарий берилбесин. Суроосу болсо, регламенттин алкагында берсин да”, – деди Акылбек Жапаров (“Бир бол”) өз кезегинде. Ал мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгечилеринин бири.

Мыйзам долбоорунда райондук администрцияларды күчөтүү, акимдерге жергиликтүү айыл башкармалыктарына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү укугун берүү, жер маселесин чечүү, эгерде жергиликтүү кеңеш эки ирет айыл өкмөтүн шайлай албаса, түз башкаруу системасын киргизүү, акимге жана депуттатыкка талапкердин жогорку билими болушу керектиги боюнча нормалар сунуш кылынууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: