Menu

Атамбаев беттештирүүдөн жаны чыккыча коркуп жатат. Эмне үчүн?

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук кароолор жүрүп жатат. Ал иш боюнча айыпталгандардын саны – 19, алардын ар кимисинин күнөөсү канча экендигин сот аныктайт, бирок ал ишти уюштуруп, түздөн-түз көрсөтмө берген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экендиги эч кимде шек туудурбайт.

Эгерде мамлекет башчысынан команда болбосо, өкмөт башчысынын орун басары баш болуп, жети мамлекеттик органдын жетекчилери баш кесерди тезирээк бошотуп, ардактуу коштоо менен Грозныйга даярдалган менчик самолётко тезирээк салып, учуруп жибергенге ашыгышмак эмес. Алар – мурдагы вице премьер-министр Шамил Атаханов, өкмөттүн аппаратынын укук жана коргонуу, коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов, Башкы прокурор Аида Салянова, УКМКнын ошол убактагы жетекчиси Бусурманкул Таабалдиев, Жаза аткаруу кызматынын ошол убактагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Президенттик аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн ошол убактагы башчысы Индира Жолдубаева, Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов. Биздин оюбузча, КРнын ошол убактагы Акыйкатчысы, ЖМКлар аркылуу А.Батукаевге буту үзүлгүчө жүгүрүп, көмөкөйү кургагыча адвокаттык кылган Турсунбек Акун да айыпталуучулардын катарына кошулса туура болмок, бирок эмнегедир аферанын башкы идеологу четге калып, жөнөкөй аткаруучулардан гана болгондордун кылмыш жообуна кириптер кылынып жаткандыгы адилеттүүлүк болбой калууда. Маселен, врач-онколог Эмилбек Макимбетов, лаборантка Ирина Цопова, жаза аткаруу кызматынын врачы Фархад Атаходжаев сыяктуу жөнөкөй кызматкерлер ага чейин Азиз Батукаев деген ким экендигин жаңжал чыккыча дурустап билишпеген деле болуш керек. Бирок, алар атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, анын жардамчысы Кубат Жуматаев өңдүүлөргө кошулуп, өздөрүнүн түздөн-түз жетекчилеринин көрсөтмөлөрүн аткаргандыктары үчүн айыпталуучулардын катарына кошулушту. Мыйзамсыз көрсөтмөнү аткаргандыктары үчүн сөзсүз алар да күнөөлүү, бирок аларга ЖМКларда айтылып, жазылып келгендей, А.Батукаевдин бошотулушу үчүн чечен мафиоздору берген 15 миллион доллардын канчасы жетти экен? Адатта эң төмөнкү деңгээлдеги аткаруучуларга эч нерсе деле тийбейт, аларга “жогору жактан ушундай буйрук болуп жатат, тездеткиле” деген эле жетишет. Бул жолу деле ошондой болуп, “айран ичкендердин” (маселен, ЖМКлар аркылуу адвокаттык кылганы үчүн Турсунбек Акунга Батукаевдин туугандары 200 миң доллар берген, ага ал үйүн курган, дагы сураса, жалган акчаларды карматып койгон деген маалыматтар тараган, алар текшерилди бекен?) айрымдары четте калып, “аякты да жалабагандардын” тутулуп калышкандары адилеттүүлүк эмес.

Кармалгандардын АШАдан башкаларынын дээрлик бардыгы тез эле үй камагына чыгарылгандыгына караганда алар кимдердин буйруктарын аткарышкандыгын сайрап беришкендигин боолгосо болот. Ал эми азырынча 15 миллион доллардын кандай бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндө айтуу кыйын. Анткени, аны бардыгы танышат, эгерде ал да ачыкка чыкса, күнөөлөрү биротоло оорлоп кетерин жакшы билишет. Бирок, жакшылап төлөнмөйүнчө андай опурталдуу афераны ишке ашыруу түгүл, жалпак тилге салып айтканда, бекерге мышык деле куйругун көрсөтпөй тургандыгы кимге деле болбосун белгилүү, Бекерден бекерге, жөндөн жөн эле кайсыл келесоо андай кылмышты мойнуна илип алгысы келсин. Ал аферанын акчасы жакшылап төлөнгөндүгү үчүн айрым өмүрүндө тойбогон, миллиондогон байлыктарына да канаат кылбаган авантюрист гана андай жорукка бара алат. Ал ким?

Албетте, А.Баткуаевди тезден-тез бошотууга ошол убактагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин буйрук бергендигин, ал соттук кароолордун жүрүшүндө толугу менен ырасталарынан шек санабасак болот. Андан башка бир да жетекчинин жети мамлекетгик органдын жетекчилерин шаштырып, эки күндүн ичинде А.Батукаевди Кыргызстандан чыгарып жиберүү колунан келмек эмес. Мисалы, Өкмөт башчысы башкы прокуратурага, сотко, УКМКга буйрук бере албайт. УКМКнын жетекчисинин сунушу Башкы прокуратура үчүн указка эмес, Башкы прокуратура андай демилге менен чыкса, ЖАМК, УКМК, ИИМдин жетекчилери ошол замат президентке жүгүрүп келишмек. Ал эми Өкмөт башчысынын орун басары, президенттин аппаратынын бөлүм башчысы президентке гана баш ийет. Аппарат жетекчиси андай көрсөтмө берсе, ошол замат мамлекет башчысына кирип тактаганга аракеттенет. Демек, мында бардыгынын ана башчысы ошол убактагы мамлекет башчысы өзү болгондугу рационалдуу логикалык талдоо жасаганга жөндөмү бар кимге болбосун дайын болуп турат. Ошондон улам билдирүүсүндө “мен бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын” деп көкүрөгүн ургулаган менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук кароолорго келбей жатат. Анткени, башка айыпталуучулар анын күнөөсүн алгачкы эле кароолордо толугу менен мойнуна коюп кетишерин билип турат. Бирок, ал барбаган күндө деле соттук кароолордо анын күнөөсү ар тарабынан талданып, далилденип, экинчи кылымдык афераны уюштуруп, аткарган АША сот тарабынан толук адилет жазасын аларына ишенебиз.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: