Menu

Муфтият коррупцияга каршы үгүт айтсын!

Бөлүшүү:

Улам жарып чыккан жерин баса калып кескен менен тамырда каны менен кошо айланып жүрсө аны кесүүдөн пайда жок. Тескерисинче, өз денеңди өзүң кордоп зыян тартасың. Убактылуу басылган ооруга кубанабыз, үмүт кылабыз.

Бирок эртеңи кандай жана кайсы жеринден жарып чыгарын билбейбиз. Ал үчүн кандын өзүн тазаласак жетиштүү. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» деген кыргыздын сөзү бекеринен айтылбаган чыгаар. Бир ооруну жеңбей ээн койсок, артынан дагы канча илдет ээрчип келерин билбейбиз. Макул, бизге балким кеч, ансыз да жашообуз аз калган. Бирок аткарчу жумуш көп. Бүгүнкү күн өтөр, бирок эртеңки күнүбүз бар. Ал күндөн үмүт үзбөйлү. Ал күнгө балким биз элестетип акылыбыз жетпеген жакшылыктар жазылгандыр? Кубатың ташып турган бул маалыңда бизди жеңсе бул оору эртеңки келечекти баш көтөртө койбойт. Башыңа жүгөн салып, күчтүүсүн кайыштыра басмайылын тартынат да, кааласа өйдө, кааласа өргө чабат.

Биздин кандан өтүп барып тубаса майып төрөлгөн келечекте айып эмес, бизге чейин жакшы жашоону үмүт кылып, кан төгүп, жан берип, акыркы демине чейин бизди ойлоп дени сак мамлекетибизди түптөп, тизгин-камчыбызды колубузга карматкан бизге чейинкилерде эмес, балким чо-оң аманат жанга кыянаттык кылып күнөөнүн баарын өзүбүзгө үйүп албайлы? Коррупцияны жеңүүдө бир гана мыйзамдардын күчөтүлүшү бизге жетиштүү боло албайт. Бул бир гана биздин өлкө эмес, бүтүндөй дүйнөдөгү азыркы күндөгү глобалдык маселелердин бири. Биз кыргызбыз, эгемен өлкөбүз, өзүбүздүн салт-санаабыз, тутунган динибиз бар. Анын ичинде жазылган жана жазылбаган да мыйзамдарыбыз бар. Эгер биз эртеңки Кыргызстанды коррупциясыз өнүккөн өлкө катары көргүбүз келсе андан биринчи кезекте туура идеологияны карманышыбыз керек. Өткөндөн сабак алсак.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн СССР бир гана күч менен баарына бирдей тегиз жашоо алып келе алган эмес жана бардык тармактан бир убакта өнүгүп эң бийик чокуга чыга алган эмес. Эгерде күч менен гана баарын кармоого мүмкүн болсо, анда Николайдын доорун бүгүнкү күндө да эскерип жүрүшөр эле. Тескерисинче, СССРдин эң негизги куралы бир гана коммунисттик идеология болгон. Ал эми коммунисттик идеологиянын эң негизги куралдары – акын-жазуучулар, сүрөтчү, ырчы, чоорчу, куудулуна чейин жана жалпы ЖМКлар аларга чоң роль ойноп бере алган. Ал баалуулуктар бизде азыр да бар. Эгер бул мүмкүнчүлүктөрдү колдоно билсек элдин аң-сезимин бүтүндөй ички ой туюмун өзгөртүп, тазалап туура нукка бура алабыз. Башка мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Эгер сиздер туура тапсаңыздар, биздин биринчи кадамыбыз – республикалык деңгээлде жумалык жарыялайлы. Ал жумада төмөнкү иш-чараларды өткөрөлү:

1) Кыргыз Республикасынын муфтиятынын жардамы менен өлкөнүн бардык мечиттеринде «Коррупция тууралуу шарият эмне дейт?» деген темада массалык түрдө жума баян уюштуруу.

2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин көмөгү менен жалпы билим берүү мекемелеринде «Коррупцияга орун жок!» деген аталыштагы атайын ачык сабактарды, семинарларды, тренингдерди өткөрүү.

3) Интернеттеги «Инстаграм», «Телеграм» жана башка бардык социалдык тармактар аркылуу ар ким өзүн тааныштырып: «Мен мындан ары кандай кырдаал болбосун пара албайм, бербейм, коррупциянын эң күчтүү душманы менмин деп элдин, мыйзамдын жана Кудайдын алдында ант беремин!» деп массалык челенж, флешмоб уюштуруу. Менимче эгерде башынан баштап уюштурсак буюрса катарыбызга өлкөнүн баары, кызмат адамдары баш болуп шоу-бизнес, спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү, дегеле баар жапа тырмак колдоп беришет жана биринчи эле баскычыбыз жемиштүү болот. Эң негизгиси – бул иш-чараны баштоо эч кандай каражатты талап кылбайт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: