Menu

Жакшылык Бердибек уулу, журналист: “Бажы биримдигинен зыянга гана учурадык”

Бөлүшүү:

Журналист Жакшылык Бердибек уулу “Фейсбук” социалдык түйүнүн баракчасына автоунаага болгон бажы төлөмүнүн көбөйтүлүшүнө каршылыгын билдирип, Бажы биримдигинен зыянга гана учураганыбызды жазып чыкты. Анын билдирүүсү төмөндө эч өзгөрүүсүз берилди.

“Унаага болгон бажы төлөмүнүн көбөйтүлүшүнө жалпы каршы чыгалы. ЕАЭБдин диктатурасы чектен ашты. Бажы биримдигинен зыянга гана учурадык. Мисалы, 1) айыл чарба азыктарын ЕАЭБдеги өлкөлөргө ээн-эркин сатабыз деп кыялданганбыз. Бирок, тигилер “документ, лаборатория” деген шылтоо менен бир дагы өндүрүшүбүздү алган жок.

2) Дордой зыянга учурады. Соодагерлерибиздин иши солгундап, Казакстандагы алармандар Хоргоско кетишти.

3) Япония, Германия, Кореядагы технологияга жетпей Орусиянын шалдыраган жигули сыяктуу техникалары алууга мажбурлашууда.

Орусияда иштеген мигранттарга жеңилдик берилди дегени менен каалаган учурунда кыргыздарды Орусиянын шаарларынан терип кармап кетип атышат. Өзүңдүн укугуңду коргобосоң башыңа чыгып кылчусун кылып кете берет ким болбосун.

Мен билбеген дагы кандай зыяндары бар? Пайдасын деле жазып койгула” – дейт журналист.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: