Menu

Видео – Рада Туманбаева, ЖК депутаты: «Аксыдагы мушташкан кыздардын сырткы тартибине мугалимдер эмес, ата-энеси күнөөлүү. Мугалимдердин иштен алынганы туура эмес, аларды кайрадан ордуна коюңуздар”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-ноябрда, парламентте ЖК депутаты Рада Туманбаева Аксыдагы окуучу кыздардын сырттагы мушташына мугалимдер эмес, ата-энелер күнөөлүү экендигин, мугалимдердин 40 жылдык стажы менен кызматтан бошоп калышы туура эместигин баса белгиледи.

Бул кыздар мектептен тышкары, сырт жакта мушташып жатат. Бул окуядан кийин жыйындар болуп, түшүндүрүү иштери жүрсө дагы, жыйынтыгында 20 жылдык стажы бар директор Бурулай Мураталиева, 30 жылдык стажы бар завуч Урмат Абдыкеримов, 30 жылдык стажы бар Жумаян Дөөлөтова, 40 жылдык тажрыйбасы бар Жээнайым Надырбекова иштен бошоп жатат. 30-40 жылдын ичинде булар кандай окуучуларга, балдарга тарбия бергени эмнеге эске алынбайт? Эмне үчүн мектептен тышкары жакта болгон окуяга мугалимдер жооп бериши керек? Илим-билимдүү, тажрыйбалуу адис жумушсуз калып, мигранттардын катарын толуктап атат. Ошондуктан мен өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү менен билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго кайрылат элем, иштен алынган мугалимдерди кайтадан ордуна коюшуңуздарды суранам. Эмнеге бардык жазаны мугалимдер алышы керек? Ата-энелер алса болбойбу? Мугалимдер билим берет, ата-эне тарбия берет. Ошону эске алып, иштен алынган мугалимдерди кайрадан ордуна коюңуздар. Айылга жаш мугалимдер барып иштебейт. Булар да бир үй-бүлөнү багып жаткан адамдар болуш керек“, — деди депутат Р.Туманбаева.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы мектептеги массалык мушташы тартылган видео социалдык тармактарга 18-ноябрда тараган. 20-ноябрда милиция тарабынан ал жер – Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков атындагы № 10 мектептеги 10-11-класстын окуучулары экени аныкталып, урушту баштаган кыздардын анабашын издеп жатканы маалым болгон. Ушул эле күнү мектепте чоң чогулуш болуп, бир катар мугалимдер кызматынан алынганы маалым болгон.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: