Бул тууралуу 21-ноябрда “Москвоский комсомолец” гезити жазып чыкты. Украинадан келген аял 20-ноябрда өзүн Путиндин жубайы катары тааныштырып, Кремлге, орус президентине киргенге аракет кылган.
Саат 17:00дө бир аялдын кызыктай жүрүмүн-турумун Кызыл аянтта жүргөндөр байкашкан. Ал кыйкырып-өкүрүп, “Мен Путиндин аялымын!” деп президентке жолуктурууну талап кылган.
Акыры федералдык кароол кызматынын офицерлери колун толгоп, Москва ИИБисине жеткиришкен. Аял Украинанын жараны болуп чыккан. Ысымы – Наталья, 36 жашта. Милиция бөлүмүндө шизофрения оорусуна шектенишип, аялды Алексеев атындагы психикалык ооруканага жеткиришкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ