Menu

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Искендер Матраимовду депкомиссиядан чыгарууну талап кыларын жар салды

Бөлүшүү:

Депутат Алмамбет Шыкмаматов ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиядан депутат Искендер Матраимовду чыгарууну талап кыларын жар салды.

Анын айтымында, анын сунушун кесиптештери колдойт деген ишенимде. Ал мындай сунушун комиссиянын биринчи отурумунда айтып, талап кылат. И.Матраимов комиссиядан чыгарылбаса, эл иликтөөнүн жыйынтыгына ишбей калат деген ойдо.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-ноябрда ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депуттык комиссия түзүлгөн. Ага алты фракциянын депутаттары кирген, алардын арасында Искендер Матраимов да бар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: