Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-майда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Атамбаев өлкөнүн тышкы саясый ишмердиги, анын ичинде тышкы саясаттын орчундуу багыттарын өнүктүрүү, эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларда жетишилген келишимдерди аткаруу боюнча маалыматтарды укту.
Эрлан Абдылдаев алдыда боло турган тышкы саясый иш чараларга даярдыктар тууралуу айтып берди. Президент Тышкы иштер министрлигине тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө, алдыда боло турган тышкы саясый иш чараларга байланыштуу тапшырмаларды берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ