Menu

Темирлан Ормуков, акын: “Дастан, сени парламентке майыптардын маселесин чечсин деп аттантканбыз! Матраимовдорду эмне кыласың?”

Бөлүшүү:

Акын Темирлан Ормуков “Фейсбуктун” активдүү катышуучусу. Ал ар кимди, ар нерсени сындап жазат. Жазгандарын кара сөз менен баштап, аягын ыр менен бүтүрөт. Өзгөчө кармашып, аны сындап келатканы – ЖК депутаты Дастан Бекешев. Бу жолу да ал жөнүндө “Фейсбуктагы” баракчасына пост калтырды. Аны эч өзгөртүүсүз беребиз. Ал төмөндө:

“Акыркы күндөрү жанагы өлгөн Айэркен Саймаити деген ууру кылмышкердин аты кайра-кайра аталып эле бүтүндөй кыргыз элине бүлүк салды. “Саймаити айткан, Саймаити деген”,- дешип эле анын сөзүн талашсыз далил катары кызыктар адамдар пайдаланып чуу көтөрүшүүдө. Албетте, ал маркум уйгурдун айткандарын тыкыр иликтеп текшерүү керек. Бирок бир да мүнөт эстен чыгарбоо зарыл, ал Саймаити биринчи кезекте кылмышкер болгондо да, шылуун. Ошондуктан анын айткан, дегендерин толук кандуу далил катары пайдаланып, ишенүүгө жатпайт. Эң башкысы ошол Саймаити айткан махинациялар Атамбаевдин доорунда болгон. Башкасын койдум, учурдан пайдаланып, Атамбаевдин калканы, дүжүр депутат Дастан Бекешев, өзүнчө опурулумуш этип жатканы күлкү келээрлик… Ал кайран, абалдан пайдаланып өзүнө саясий упай топтоюн деген аракети айдан ачык көрүнүп калды. Матраимовдорго каршы атайын акция уюштурам дейби? Оо курган шордуу, бирөөгө акция уюштуруп эмне кыласың? Жакында 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата өзүңө каршы майыптар акция уюштураары сага маалым болду бекен? Бул немени майыптар ишенип, майыптардын маселесин парламенттен көтөрөт деп шайласак, бул саясий интриганга айланып кетти. Бирде: “мектептеги балдардын тамагын жоёлу”,- десе, бирде: “Ширинланка, Банглодеш сыяктуу өлкөлөрдөн келген индустарды Кыргызстанга визасы жок киргизели”,- деп чыккан, бирде болсо: “Атамбаевдин аброюна шек келтирилип жатат”,- деп чуркаган. Майыптар боюнча ушул 9 жылдык депутаттык кезинде бир да алгылыктуу иш алып барган жок. Эй, Дастан, сени парламентке майыптардын маселесин чечсин деп аттантканбыз! Матраимовдорду эмне кыласың? Майыптардын көйгөйүн чечип бүтүп койдуңбу? Ал Матраимовдорду сенден башкалары деле чукуп, казып алышат. Андан көрө, келе жаткан майыптар күнүнө камын…

Ишенип ууру уйгурга,
Бириңе бириң суу куйба!
Саясатка айлантып,
Саясий сокур чуу кылба!

Эси жок Дастан көңдөйүм,
Эмнени айтып көрбөйүн.
Тогуз жылда чечтиңби,
Майыптардын көйгөйүн?!

Жалган айтпас элде жок,
Жаңылбай турган пенде жок.
Соолор жүрсө чече албай,
Сокурга сендей эмне жок.

Бийликте Дастан зулумдар,
Буйрутма тапкан пулуң бар.
Буудандар жатса тебишип,
Тынч турат сендей кулундар.

Көргөнсүп сүйлөп көбүрөөк,
Ойлоруң Дастан бөлүнөт.
Бүркүттөр турса көрө албай,
Үкүгө кайдан көрүнөт.

Майыптар үчүн азапсың,
Маанисиз ишти жасапсың.
Кыргызга чындап күйбөйсүң,
Себеби түбүң казаксың.

Алыңа ченеп бышкыргын,
Элиңе кандай иш кылдың?
Аралашпай заң ишке,
Майыптар үчүн иш кылгын!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: