Азыркы тапта Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катуу даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу 25-ноябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев басма сөз жыйынында билдирди.
Журналисттин “Мамлекеттик бажы кызматында коррупция барбы?” деген суроосуна Дамир Сагынбаев түз жооптон качып койду. Ал жыйын үчүн маалыматтар чогултулуп жатканын айтып кутулду.
“Биз маалымат чогултуп жатабыз. Бардык материалдар Коопсуздук кеңешинин жыйынында ачык айтылат”, – деди Дамир Сагынбаев.
Эскерте кетсек, «Азаттык», Kloop жана OCCRPдын контробанда жана коррупция жөнүндө журналисттик иликтөөсү жума күндөн бери кеңири коомдук резонанс жаратып келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ