Душанбеде 23 жашка чейинки кыздардын арасында футбол боюнча Борбордук Азия чемпионаты өтүп жатат. Азыр алдыңкы медалдар үчүн алты команда күч сынашууда. Биринчи турда Кыргызстан Өзбекстанга 0:6 эсебинде утулган. 25-ноябрда Кыргызстан Иран курама командасы менен беттешти. Тилекке каршы, бу жолу да кыздарыбыз Иранга 0:6 эсебинде утулуп калды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ