Дамир Сагынбаев, Коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы: «Саймаитинин мыйзамсыз паспортту колдонуу кылмыш иши Сузак райондук сотунун кароосунда»
Стамбулда киши колдуу болгон Айэркен Саймаитинин аты үч кылмыш ишинде аталып келген. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-ноябрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Саймаити Эркин Самятов деген ат менен мыйзамсыз ID-карта жана паспорт алып жүргөн. Кыргызстандын жараны болгон эмес. Ал жасалма документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак району боюнча бөлүмүнөн 2014-жылы алган. “Бул факт ушул жылдын июль айында аныкталып, күнөөлүү тарап табылган, ал Мамкаттоонун кызматкери. Сентябрда Саймаитиге карата мыйзамсыз негизде паспортту колдонуу фактысы боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынган. Учурда кылмыш иши Сузак райондук сотунун кароосунда. Ошондой эле Саймаитинин акча которуулары боюнча документтер да текшерилген, тагырагы, Финполдон алынып, салык боюнча иликтөөлөр жүргүзүлгөн. 2013-жылдан 2017-жылга чейин Саймаитиге 2 миллиард 602 миллион сом салык кошулган, бирок, ал жоопкерчиликтен качкан. Салык төлөөдөн качканы боюнча материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, өзүнчө өндүрүшкө алынган“, — дейт Сагынбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ