Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдун 18-20-ноябрдагы Жапонияга болгон расмий сапарынын алкагында Toshiba Energy Systems and Solutions, Toshiba Plant System, Tokyo Rope MFG Co., Ltd жана «Икагава электрик» аттуу жапон компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу 26-ноябрда Энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде чакан ГЭСтерди куруу, электр жабдыктар менен камсыздоо (чубалгылар, эсеп приборлору) тармагында маселелер талкууланды.
Мындан тышкары А.Назаров Жапониядагы компаниялардын өндүрүшүн жана гидроэлектрстанцияларын барып көрдү.
Сапардын жыйынтыгы боюнча Жапондук эл аралык кызматташуу агентигинин (JICA) алкагында чакан ГЭСтерди куруу (Папан, Киров жана Көрө-Көл ГЭСтери) боюнча инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну карап чыгуу сүйлөшүлдү. Анын натыйжасында жапон тарап бул маселени тыкыр карап чыкмакчы. Ошондой эле энергетика тармагында эки тараптуу экономикалык кызматташууга макулдук алынды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ