Menu

“Өкмөт контрабандалык күйүүчү май көйгөйүн эки жылдан бери чече албай келет, анда ал отставкага кетиши керек”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында Өкмөттүн ЕАЭБ алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн эсепке алынбаган, аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалыматы угулуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргенден кийин ар кандай көмүскө жолдор аркылуу контрабандалык товарлар ЕАЭБ аймагына жайылтыла баштаганын, Өкмөт багытта алдыналуу чараларын көрүп жатканын белгиледи. «Коррупция өлкөнүн экономикасына чоң зыян келтирүүдө. Азыркы учурда «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Чоң-Капка» сыяктуу өткөрмө жайларда атайлаштырылган товарларды эсепке алуу жабдуулары орнотулуп, эл аралык жолдордо автоматташтырылган салмак-габариттик көзөмөл тутумдары курулуп жатат», – деди ал.

Депутат Айсулуу Мамашова Бажы кызматы менен Салык кызматынын дарегине башынан эле ачуу сындар айтылып келатканын белгиледи. «Жарандарыбыз нааразычылык митингдерине чыгып, мурдагы бажычынын жүзү өлкөдөгү коррупциянын жүзү катары бааланып жатат. Мунун акыры жакшылыкка алып келбейт», – деп кошумчалады ал.

Депутат Азамат Арапбаев Өкмөттү өлкө аймагына коррупциялык жолдор аркылуу алынып келинген тамеки товарларына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. «Коррупциялык товарлар ички рыноктогу табигый атаандаштыкты четке сүрүп жатат. Менде канча көлөмдөгү андай тамеки товарларынын кайда катылып жатканы жөнүндө маалымат бар. Аны бир күндүн ичинде эле кылса болот», – деди ал.

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев контрабандалык жосундардан улам Кыргызстан менен Казакстандагы күйүүчү майдын баасындагы айырма дагы эле 10 сом бойдон калып жатканын эске салып, өкмөт башчы бул маселени эки жылдан бери чече албай келатканын айтты. «Алар кепилдик сурап жатат, биз анын бере албай жатабыз. Бул көйгөй эки тараптуу келишим түзүлмөйүнчө биржаңсыл чечилиши кыйын. Эгерде Өкмөт күйүүчү май боюнча маселени чече албаса, анда отставкага кетиши керек», – деп кошумчалады ал.

Экономика министри бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, азыр эки тарап бир пикирге келгенин, келишим ратификациялануу алдында турганын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: