Menu

Кыргызстандын Кореядагы Элчилиги «Корея Республикасы жана Борбордук Азия достугу 2019» иш чарасына катышты

Бөлүшүү:

25 ноябрында «Корея Республикасы жана Борбордук Азия мамлекеттеринин достугу» Ассоциациясы Борбордук Азиянын Элчиликтери менен биргеликте «Корея Республикасы жана Борбордук Азия достугу 2019» аттуу иш чара уюштурду. Бул иш чарага Корея Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинин, бизнес чɵйрɵсʏнʏн, илимий жана академиялык коомчулуктун ɵкʏлдɵрʏ, экономикалык жана саясий серепчилер катышышты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында катышуучулардын талкулоолору болду, Түштүк Корея менен Борбор Азия ɵлкɵлɵрүнүн мамилелери, азыркы абал жана мамилелерди мындан ары алдыга жылдыруунун жолдору боюнча кыска талдоо ɵттү. Ɵз ара пайдалуу багыттарда кызматташтыкты активдештирүү боюнча ойлор жана сунуштар менен алмашышты.

Кыргызстандын Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктɵрү жɵнүндɵ презентация жасалды. Ошондой эле ɵзүнчɵ бɵлүм катары «Корея Республикасынын жана Борбордук Азиянын жаштары жана старт-ап бизнеси» иш-чарасы болду жана анын алкагында Түштүк Кореянын жаштарынын ɵкүлдɵрү ɵзүлɵрүнүн бизнес долбоорлорун тартуулашты.

Башкы иш-чаранын акыркы бɵлүгүндɵ Кореянын Тышкы иштер Министринин орун басары Юн Кан Хён мырза, Борборбук Азиянын Корея Республикасындагы Элчилери, Кореянын Парламентинин депутаттары жана жергиликтүү органдардын ɵкүлдɵрү сɵз сүйлɵштү.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Динара Кемелова ɵзүнүн сɵзүндɵ Кыргызстан Корея Республикасы менен активдүү кызматташууга жана жашыл экономика, жаңы технология, ошондой эле соода, ɵнɵр-жай, айыл чарба, транспорт, туризм, билим жана маданият багыттарында ɵз ара пайдалуу долбоорлорду иш жүзүнɵ ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Иш-чаранын алкагында Президент Мун Чжэ Индин дана Премьер-министр Ли Нак Ёндун быйылкы жылы Борбордук Азия ɵлкɵлɵрүнɵ болгон сапарлары жана Борбор Азия ɵлкɵлɵрүнүн туристтик потенциалы тууралуу даректүү тасма тартууланды. Ошондой эле корея жана кыргыз чыгармачыл топторунун, тактап айтканда «Ай-пери» тобунун жана комузчу Г.Кожомкулованын, чыгармалары аткарылды.

Маалымат катары: «Корея Республикасы жана Борбордук Азия мамлекеттеринин достугу» Ассоциациясы коомдук уюм, анын Президенти Ли Ок Рён айым, Кореянын мурдагы депутаты. Аталган Ассоциация ыңгайлуу аянтчаларды түзүү жолу менен Корея Республикасы жана Борбордук Азия ɵлкɵлɵрүнүн кызматташтыгын бекемдɵɵгɵ жардам берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: