Menu

Прокурор Сапар Исаковду 15 жылга кесүүнү соттон суранды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-ноябрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өтүүдө.

Сотто прокурор сүйлөп, ал иштин материалы жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен Сапар Исаковдун күнөөсү далилденгенин айтып, аны 15 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Ошондой эле прокурор күбөлөр көрсөтмөсүнө таянып. алардын айткандарынан мисал келтирди.  “2008-жылдан 2010-жылга чейин Бүткүл дүйнөлүк банк менен бирге Бишкек ЖЭБди модернизациялоо (150 миллион долларга) тууралуу маселе иштелип чыккан. Соттон күбө катары өткөн Игорь Чудинов (ал премьер-министр болуп турганда) Энергетика министрлигинин жана «Электрдик станциялар» ААКнын жумушчу тобу 230 мегаватт кубаттуулукту тартуучу модернизациялоо долбооруна токтошконун айткан. Ошондой эле, Чудинов Исаков эл аралык жолугушууларда сунушталган долбоорлордан кабардар болгондугун кошумчалаган. Башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, Исаков Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) байланыш кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Ошондой эле ал инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, Кытайдан келген делегациянын иш сапары маселелери менен алектенчү. Ал маселелердин катарында ЖЭБди модернизациялоо дагы бар», — деди прокурор.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, биртоп адамга кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: