Түркияда үч сойку кармалды. Бул тууралуу Түркиянын ММКлары жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, Черкезкөй шаарында сойкулукка каршы полиция иш-чара жүргүзүп, үч аялды кармалган. Алардын бири кыздарды сатып жүргөн ортомчу, бири кыргызстандык, экинчиси өзбекстандык болуп чыккан. Ортомчуга «Сойкулук, ортомчулук кылуу жана мажбурлоо» беренеси боюнча айып тагылып, камакка алынган. Экөө өз жерине кайтарылган.
Эске сала кетсек, буга чейин ноябрь айында, Түркияда 33 чет өлкөлүк сойку кармалып, анын төртөө кыргызстандык болуп чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ