Бул тууралу 28-ноябрда басма сөз жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
“Тизме боюнча дагы 21 наристе бар, аларды да алып келүү керек. Үчөө Казакстанда, калганы Орусияда”, – деди орун басар.
Солтонбекова декабрда документтери даяр болгон балдарды алып келишет экен. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн тышкары Түркияда кыргыз келин таштап кеткен бир наристе бар экенин кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ