1994-жылы туулган Адашбек уулу Бактияр изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Адашбек уулу Бактияр 7-сентябрда Новопавловка айылынын Деповская көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Анын бою 170 сантиметр, чачы кара.
Адашбек уулу Бактияр тууралуу маалымат билгендер Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 телефон номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ