Кыргыз-казак чек арадагы өткөрмө пункт убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 30-ноябрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, эртең, 1-декабрдан баштап «Каркыра» (Кыргызстан) – «Кеген» (Казакстан) көзөмөл-өткөрмө пункту жабылат. Аба ырайына байланыштуу өткөрмө пункттарды убактылуу жаап туруу демилгеси казак тараптан болгон, кыргыз тарап колдогон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ