Menu

Тажикстанда 19 жаштагы кыз атасы тарабынан зордукталганын билдирди

Бөлүшүү:

Хожентте жергиликтүү жашоочу өз кызын зордуктоого шектелүүдө. «Гулрухсор» аялдар борбору билдиргендей, судмедэкспертиза кыздын зордукталганын тастыктаган.

Маалыматка караганда, 17-сентябрда 19 жаштагы кыз Сырдарыядагы көпүрөдөн секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны жолдо өтүп бараткан киши сактап калып, милиция бөлүмүнө жеткирген. Жабырлануучу атасы тарабынан зордукталганын, бул себептен өзүнө кол салганын билдирген.

Кыздын атасы учурда Хоженттеги тергөө абагында. Шектүүнүн адвокаты “Эркин Европанын” тажик кызматы менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Жабырлануучу өз атасы тарабынан сентярдын ортосунда зордукталганын, ал 9-класстан бери эле асылып жүргөнүн айткан. Бирок шектүүнүн туугандары кыз ага жалган жалаа жабууда деп эсептешүүдө.

Учурда кыз «Гулрухсор» кризистик борборунда жашоодо.

Борбордун кызматкери Сабохат Бобожонованын айтымында, быйыл аларга 1400 киши ар түрдүү маселелер менен жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен экөө – сексуалдык зомбулукка кабылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: