Оштогу Башкы штабдын Кургактагы аскер күчтөрүнүн №36806 бөлүгүнөн кызмат өтөп жаткан эки жоокер качып кетти.
Эки жаш улан аскерге 2019-жылдын күзүндө жаңы эле чакырылган экен. Бири мурда дагы качып, кайра бөлүккө кайтарылган.
Жоокерлер 3-декабрда өз ыктыярлары менен аскер бөлүктү таштап кетишкен. Бири аскерде кызмат өтөгүсү келбегенин айтып жүрүп, бир ирет качып да көргөн. Анда жакында эле үйлөнүп, жаш жубайын сагынып жатканын айткан. Качкан күнү ал күзөттө болгон. Аскер бөлүгү бул өзгөчө кырдаалдын себебин иликтеп жатышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ