Menu

Видео – Акылбек Жапаров экс-президент Атамбаев кантип байыганын айтып берди

Бөлүшүү:

Депутат Акылбек Жапаров (“Бир бол”) “Парламентаризм сабактары” программасында Алмазбек Атамбаев кантип байыганына кенен токтолду. Анын айтымында, Атамбаев бардык негизги кызматтарга өз кишилерин койгон, алар аркылуу өз чөнтөгүнө бүджет акчаларын бурдурган. Кирешесинин негизги булагын чет жактан келген кредиттер менен гранттардан үлүш алып турган. Атамбаев Кыргызстандын жеке кызыкчылыгы үчүн тышкы карыздын сазына матырып олтурат.

“Бир шоопуру бардык күч түзүмдөрүн көзөмөлдөдү, экинчиси бажы системасын колуна алды. Бир күн да прокуратурада иштебеген кыыз башкы прокурор болду, ал мурда болгону атамбаевдик аппараттын бөлүмүн жетектеген, – деди Жапаров. – Бүтүндөй сот системасы менен укук коргоо органдарын Атамбаев өзү телефон аркылуу башкарган. Бир жансакчысы Салык инспекциясын жетектеди, экинчи жансакчысы ИИМди башкарды, үчүнчүсү УКМКда төрага орун басары болду. Анан бардыгына Атамбаев: “Келгиле, мамлекеттик казынанын эсебинен байып алалы. “Мен гана мультимиллионер болбой, силер да болгула” деп ачык эле айтчу экен. Кыскасы мамказынаны миллиарддап тоногон толук бир система түзүлгөн”.

Депутат өз сөзүн графика менен бекемдеп, Кыргызстандын Кытайдын алдында кантип тышкы карызы өскөнүн көрсөтүп берди.

“2010-жылга чейин үч президент кошулуп туруп Кытайдан 46 млн доллар карыз алса, а 2010-жылдан кийин Атамбаев Кытайдан 2 млрд доллар кредит алып жиберген. Болгондо да кыска мөөнөткө, чоң пайыздар менен! Анын ири бөлүгүн жакындары менен бөлүшүп алган!”, – деп А.Жапаров сөзүн аяктады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: