3-декабрда Ош облусунун Ноокат районунан 5 миң сом пара алып жаткан жеринен Жол кыймылынын коопсуздук башкармалыгынын кенже инспектору Зарина Камбарова кармалган. Эми пагончон кыз тез жардам менен Ош облустук оорукананын кардиология бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу 5-декабрда жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
“Зарина айым мурда дагы жүрөгү кармап, дарыланып жүргөн. Эми дарылоо канча убакытка созулат, азырынча белгисиз”, – дейт жактоочусу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ