Бир сутка ичинде 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Алар Ош шаарында катталган. Ал эми стационарлардан 2 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 364 учур катталды. Алардын ичинен 254 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ