Кумтөрдө бир унций алтынды казып алуунун баасы 553 доллар турат (Муну эл аралык Мining.com компаниясы эсептеп чыккан). Ошол бир унций алтындын дуйнөлүк базардагы бүгүнкү баасы 1500 доллардын тегерегинде. Демек, «Центерра» бир унций алтындан 1 миң доллардай пайда көрүп жатат.
«Центерра» быйыл Кумтөрдөн 565 миң унций алтын казып алууну пландаган. Демек, «Центерра» быйыл Кыргызстандан таза 565 млң доллар же 40 млрд сомго жакын акча чыгарып кетет.
Кыргызстан бюджетине калтырганы болгону 86 млн доллар же 6 млрд сом…
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ