Menu

Өлкөнүн энергетикалык секторунун абалы боюнча убактылуу комиссия түзүлдү – тизме

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-декабрь күнү Жогорку Кеӊештин жыйынында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсы тарабынан берилген маалыматтар боюнча, бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын ишенимдүүлүк деӊгээлиндеги электр энергиянын жоготуулардын көлөмүн, дебитордук карыздын көлөмүн, коррупциялык схемалардын таасирлерин изилдөө, электр энергиянын автоматташтырылган эсептөө системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык сектордун абалын жана келечектеги өнүгүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маселенин демилгечиси депутат Өмүрбек Бакиров.

Токтом менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:

– КСДП фракциясы – Мухтар Айнакулов, Өмүрбек Бакиров, Айнура Осмонова, Ильхом Мананнов;

– “Республика – Ата Журт” фракциясы – Умбеталы Кыдыралиев, Максат Сабиров;

– “Кыргызстан” фракциясы – Тынчтык Конушбаев, Алмазбек Токторов;

– “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы – Зиядин Жамалдинов;

– “Бир Бол” фракциясы – Акылбек Жапаров;

– “Ата Мекен” фракциясы – Бахадыр Сулейманов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: