Бүгүн, 11-апрелдин кечинде Бишкекте “Коля Киргиз” деген каймана ат менен белгилүү болгон кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү “Дөө Чыңгыз” – Чынгыз Жумагулов милициянын атайын отряды тарабынан кармалды. Ал азыр милицияга сурак берүүдө. Бул тууралу укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдирди.
Кечээ, 10-апрелде “Дөө Чыңгыз” баштаган уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү дагы бир “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Улан Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун 1974-жылы туулган Иляс Абдыкадыров менен 1983-жылы туулган Урмат Асылбеков аттуу 2 мүчөсүн сабап өлтүрүп кетишкендигин бүгүн КР ИИМнин басма сөз кызматы расмий билдирген.
Бүгүн түшкө чейин бул кылмышка шектүү деп эсептелген “Дөө Чыңгыздын” эки досу кармалганын милиция кабарлаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ