Menu

Ичимдик адамзатты сактап калыптыр

Бөлүшүү:

Улуу Британиянын Эксетер университетинин окумуштуулары адамзат ата-бабаларын өлүмдөн сактап калганын айтып чыгышты. Бул тууралуу 6-декабрда Phys.org сайтында жарыяланды.

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, 10 млн жыл мурун ар түркүн маймыл сымалдуулар тамак-аш үчүн бири-бири менен атаандашып келген. Анан кээ бирлери бышпаган же ашкере бышкан жемиштерди жей берип, аны сиңиргенге үйрөнгөн. Ошондо алар башка маймыл сымалдууларга караганда өздөрүн кыйын сезе баштаган. Бирок ал жемиштердеги этил спирти сиңирилбей, уулана башташат. Бирок организм көнүп, жерди уулуу заттар каптаганда, дал ошол спирт кошундулары ууга туруштук берген экен.

Окумуштуу сөрөйлөрдүн айтымында, шимпанзе менен киши 5,5 млн жыл мурун бөлүнө баштаган. Ичимдикти кабыл албаган маймыл сымалдуулар өлө башташкан. Ал кезде спирт өсүмдүк ткандарында 1-4 пайызды түзүп, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк берген. Азыркы ичимдиктер маймылды бир доза менен өлтүрөт. “Демек, адамдарды ичимдик сактап калса да, азыркы абалында ичимдиктен жок болот”, – дешет окумуштуулар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: