Menu

Фото – «Манас» аэропортунда жаңы эл аралык учуу залы ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, кечээ 6-декабрда «Манас» эл аралык аэропортунда жаңы эл аралык учуу залынын ачылышы болду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер министри К. Боронов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Г.Абдралиев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.Ногойбаев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Б. Джунушалиев, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору У Рахманов жана «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы М.Примбердиев жана башкалар катышты.

Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер министри К. Боронов мындай долбоорлор борбордогу аэропорттун өнүгүшүнө жана Кыргызстандагы жарандык авиацияга оң тасирин тийгизет деп белгилеп өттү.

«Келечекте өлкөбүздүн аба дарбазасы болгон борбордук аэропортту өнүктүрүү боюнча масштабдуу долбоорлор жүзөгө ашырыла бермекчи»,- деди.

Кезегинде, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы М.Примбердиев, жаңы эл аралык учуулар зонасынын ачылышы менен жүргүнчүлөр үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн билдирди. Жүргүнчүлөр күтүү залында жайгашкан «Duty Free» дүкөндөрүнөн керектүү буюмдарын алууга, кафеден тамактанууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жана балалуу ата-энелер үчүн атайын «эне-бала бөлмөсү» каралган.

Анын айтымы боюнча, буга чейин бул жер аэропорттун кызматкерлеринин иш бөлмөлөрү болгон.

Ошондой эле, М. Примбердиев белгилегендей, акыркы он жыл ичинде жүргүнчүлөр агымы жана каттамдардын саны бир топко көбөйгөн. 2009-жылдан 2018-жылга чейин  жүргүнчүлөр агымы 3 эсеге көбөйүп, 2 084 625 адамды түзгөн.

«Манас» аэробекетинин эл аралык учуулар зонасын  кеңейтүү»  долбоору «МЭА» ААКнын жеке эсебинен каржыланды. Жыйынтыгында, эл аралык учуулар зонасы 1 357 чарчы метрге кеңейип, жалпы аянты 3 900 чарчы метрди түздү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: