Menu

Орус-казак чек арасында 3200 кыргыз жараны мекенине кайта албай жатат

Бөлүшүү:

Орус-казак мамлекеттик чек арасында 3200дөн ашуун кыргыз жарандары бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта чек арада калган кыргызстандыктар үчүн жашыл коридор уюштуруу пландалууда.

“Казакстан тарапка автобустар менен уюштурулган транзит үчүн Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик коридорду берүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Бул маселе боюнча Казакстан тараптан жооп күтүлүүдө” – деп айтылат маалыматта.

Элчилик ошондой эле, Оренбург облусунун жана Башкортостандын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Кыргызстандын жарандарына шарт түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

“Россия тарап кыргызстандыктарды жатаканаларда, балдар лагерлеринин аймактарында жайгаштырып, бекер камсыздап, чатыр лагерин түздү. Айрым жарандар мейманканаларга жана жатаканаларга жайгашышкан. Аларга акысыз тамак берилет. Мекендештерди мекенине жөнөтүү үчүн жеке транспорттук компаниялар менен автобустарды камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” – деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик Казакстандын чек арасы жабык экенин белгилеп, жарандарды орус-казак чек арасына баруудан алыс болууга чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: