Menu

Жылдыз Мусабекова, ЖКнын депутаты: “Баары 80 миң сом пенсия алсын, анан музей, театрга шляпанын түрүн кийип барышат…”

Бөлүшүү:

Өткөн жумадагы чуу жараткан «жылаңач» көргөзмөдөн кийинки кызуу талкуу токтой элек. Коом өтө терс мааниде кабыл алды. Уюштуруучулардан кадимкидей иренжип турушат. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова «Фейсбук» баракчасына өз оюн жазды. Пикиринде өзөк бар экен…

«Айлыктан айлыкка эптеп жашаган айылдыктар музейди баштарына илеби? Көмүр, отун, ун, чай, май деген кара курсак маселеси көп. Элиталарга окшоп күндө бадырың, помидор, сыр, икра жешпейт.

Ооба, баары 80 миң сом пенсия, айлык алсын, анан музей, театрга шляпанын түрүн кийип барышат. Менин өмүр бою мугалим болуп иштеген Аманбековнам (ред. Апасын айтып атат) 7 миң сом пенсия алат. Авариядан башынын баары тырык, шляпа кие албайт, жоолук салынат. Жалгыз иним иштебейт (билими бар, авто жол техникумун бүткөн, айылда жумуш жок да). Ыраматылык атам 1985-жылы салып кеткен эски үйдө турушат. Аны да шайлоодо бай, оппонент жигиттерим айтып чыгышкан. «Мусабекова депутаттыкты эмне кылат, энесине үй салып бербейби…» – деп. Уурдаган акчам жок, кайдан салам?! А бирок колуман келген жардамымды аябайм.

Аманбековнамдын пенсиясы баласы, келини, үч небересине өп-чап жетет. Музейди эстебейт деле. Кийим-кече маселеси болсо биздин моюнда. Милдетибиз. Капа кылбаганга аракетибиз күч. 42 жашында он бала менен жесир калды. Бирок, ыштанын башына кийип, жылаңачтанбай эле бизди тарбиялап, окутуп-чокутту. Айылдын ушундай аялдарынан үлгү алгыла, алжыгандарга кошомат айтпай!» – деген омоктуу оюн ортого салыптыр…

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: