Машыгуу талаасынан кайтып келе жатканда токко урунуп, ооруканада дарыланып жаткан жоокер каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, № 92843 кургактагы аскер бөлүгүндөгү ефрейтор Ш.у. А. кечээ, 8-декабрда, кечки саат 19:30да көз жумган. Жабырлануучу оор абалда Ош облустук ооруканада дарыланып жаткан.
Эске сала кетсек, Ш.у.А. машыгуу талаасынан кайтып келе жатканда токко урунганы, жоокердин далысындагы радиостанция жарылып кетип, денесинин 80 пайызы күйүп калганы 5-декабрда маалымдалган.
Буга чейин аскердеги үч бала каза болгон. Бирөөсү 5-ноябрда көз жумган. Ал ЖАМКнын кайратуу жана күзөт департаментинде токко урунган. 6-ноябрда ЖАМКнын кайтаруу жана күзөт департаментинде жоокер каза тапкан. 18-ноябрда Оштогу аскер кызматкери асынып каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ