Menu

Доха шаарында кыргыз-катар кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү, 6-январь күнү Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Чынгыз Эшимбеков Катар Инвестиция Башкармалыгынын (QIA) Башкы аткаруучу директору Мансур бин Ибрахим Аль-Махмуд мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Катар Инвестиция Башкармалыгы – мамлекеттик инвестициялык институт жана дүйнөлүк ири көз карандысыз байгерчилик фонддордун катарына кирет. Негизги инвестициялары Европа, АКШ жана Азия-Тынч океан регионунун өлкөлөрүндө жүзөгө ашырылат.

Аталган жолугушууда, инвестиция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды. Элчи Ч.Эшимбеков Кыргызстандын инвестициялык потенциалы боюнча маалымат берип, өз ара аракеттенүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды сунуштады. Тараптар келечектүү жана өз ара пайдалуу долбоорлордун үстүнөн иштөө боюнча макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: